Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Баткен зилзаласы: облборбор чыгымы 11 млн. сомдон ашты


Баткен шаардык Жарандык коргоо комиссиясынын алдын ала чыгарган жыйынтыгы боюнча, аталган аймак 20-июлдагы зилзаладан 11 млн. 200 миң сомдук чыгым тартты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов кабарлады. Мындан сырткары Бактен облусунун Сүлүктү шаарында 112 турак жай текшерүүдөн өткөрүлгөн. Натыйжада бир нече турак-жай, анын ичинде 4 социалдык объект, шаардык китепкана жана үч бала бакча чала бузулуп, келтирилген чыгым 11 млн. 70 миң сомду түзгөн. Бекилов учурда жер титирөөнүн кесепетенин зыян келген турак-жайларды иликтөө уланып, келтирилген зыяндын акчалай чыгымдары эсептелип жатканын кошумчалады. Соңку маалыматтар боюнча, 20-июлда жер силкингенден кийин Баткен жана Ош облустарында кеминде 800гө жакын турак-жай авариялык абалга келди.

19-июлдан 20-июлга оогон түнү, саат 1:35те Баткен аймагында жер титирөө катталып, анын очогу облустагы Совет айыл округунда 7-8 баллга жеткен. Айдаркен шаарчасында 7 балл, Баткен шаарында 6 балл, Кызыл-Кыя, Ноокат шаарларында 5,5 балл, Ош шаарында 5 баллды түзгөн. Жалал-Абат облусунун Таш-Көмүр шаарында 3-4 балл, Бишкекте 2-3 баллдык күчү байкалган. Силкинүү ошол эле түнү саат 2:46 жогорку аймактарда кайталанып, Совет айыл округунда 2 баллга жеткен болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG