Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

Сатыбалдиев Эсеп палатасынын маалыматын четке кагууда


Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү дирекциясынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев Эсеп палатасынын мамдирекциянын айлык акы чыгымдары 10, 3 миллион сомго ашык көрсөтүлгөн деген маалыматын четке какты. Анын айтымында, бул сумма айлык акыларды эсептөө учурундагы техникалык катадан келип чыккан.

Буга чейин Эсеп палатасы дирекциясынын кызматкерлеринин айлык акы чыгымдары 10 миллион 300 миң сомго ашыкча көрсөтүлгөнүн билдирип чыккан. Муну палата өткөн бир жыл аралыгында жүргүзгөн аудитинин натыйжасында аныктаганы белгилүү болгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG