Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

“Эгемен Кыргызстан” партиясы президенттикке талапкерин көрсөтөт


Партиянын саясий бюросунан “Азаттыкка” маалымдашкандай ага байланыштуу кезексиз курултай 27-июлда Бишкектеги Улуттук китепканада болот. Анда негизинен күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого ат салышуучу талапкер тандоо маселеси каралат. Айрым маалыматтар боюнча, бүгүнкү курултайда партиянын лидери Бектур Асанов “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынан мамлекет башчылыкка талапкер болуп тандалышы ыктымал.

Президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 30-октябрына белгиленген. Буга чейин бир катар саясий партиялар өздөрүнүн талапкерлерин сунушташкан. Алардан тышкары бир нече жеке инсандар президенттик шайлоого ат салышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышкан. Бүгүнкү күндө президенттик шайлоого катышууну каалагандардын саны - 24. (ZKo)

XS
SM
MD
LG