Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:25

Адвокат Башкы прокуратура менен соттошкону жатат


Биринчи Май райондук сотунда адвокат Нурбек Токтакуновдун Башкы прокуратуранын аракети тууралуу берген арызы каралат. Адвокаттын “Азаттыкка” билдиргени боюнча ал Биринчи Май райондук сотунун судьясы Алмаз Малдыбаевди жоопко тартуу боюнча башкы көзөмөл органына кайрылса, Башкы прокуратура баш тарткан. Нурбек Токтакуновдун белгилегени боюнча аты аталган судья 2007-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирген 17 кишини айыпсыз жерден доого жыгып, камакка алганы үчүн жоопко тартылууга тийиш. Кызмат абалынан пайдаланып, адам укугун тебелеген судья жоопко тартылбаганы –азыркы бийликке дагы тил алчаак соттор керек дегенди түшүндүрөт деп эсептейт адвокат Нурбек Токтакунов.
Башкы прокуратура бул боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек.
2007-жылы 16-декабрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо эң көп добушка ошол туштагы президент К. Бакиев жетектеген “Ак жол” партиясы жетишкен. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп түрдүү акцияларды уюштурган “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрүн милиция кармап, сот жоопко тарткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG