“Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, эстеликти алуу иш-чарасы 28-июлда кечки саат 9да башталып, түнкү саат 3төр чамасында аяктады. Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, бул айкелди коюу үчүн Бишкектен эки-үч жер сунушталууда. Азырынча анын кайда орнотулаары аныктала элек. "Эркиндиктин" ордуна Манас баатырдын айкели орнотулуп, анын ачылышы 30-августта болоору кабарланган. Манастын эстелиги Москвада жасалууда.
“Эркиндик” эстелиги Эгемендүүлүктүн 12 жылдыгына, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналып 2003-жылы Лениндин эстелигинин ордуна коюлган эле. (КЕ)
“Эркиндик” эстелиги Эгемендүүлүктүн 12 жылдыгына, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналып 2003-жылы Лениндин эстелигинин ордуна коюлган эле. (КЕ)