Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:10

УКМК: Мыйзамсыз курал сатып шугулданган топ кармалды


29-30-июль күндөрү мыйзамсыз курал-жарак менен шугулданган кылмыштуу топ кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Көлбай Мусаев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, УКМКга жалпысынан жети адам алынып келинген. Камакка алынган эки кишинин бирөө милиция кызматкери болгон. Андан тышкары дагы бир ИИМ кызматкерине издөө жарыяланды. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыштуу топ деп шектелгендерден ири өлчөмдөгү курал-жарак, ок-дары жана Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгына тиешелүү таякчалар табылган. Мусаевдин айтымында, топ жакында эле түзүлүшү мүмкүн жана алар бир пулемот, он автомат сатканга үлгүрүшкөн.

Тергөө маалында топтун мүчөлөрүнүн бирөөсүнүн Ислам жихадынын бирикмеси менен байланышы бар экени аныкталган. Ошондой эле кармоо учурунда УКМК кызматкерлеринен качып, ок чыгарып анан унаадан секирип жиберген Ф.Ф. деген жеке ишкер ооруканада көз жумду. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG