Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Эл аралык коомчулук Сириядагы соңку кан төгүүнү айыптады


Сириянын коопсуздук күчтөрү Хама деген шаарды бүгүн экинчи ирет аткылашты, маалыматтарга караганда бүгүнкү аткылоодон кеминде төрт киши каза тапкан. Мунун алдында кечээ Сириянын ар кайсы аймагында, активисттердин ырастоосунда, 140тай кишинин өмүрү кыйылган. Жекшемби күнкү зордук-зомбулуктар президент Башар Ассаддын режимине каршы демонстрациялар башталган март айынан берки эң ири кыянатчылыктардын бири катары каралууда. Орусия жайкын тургундарга каршы күч колдонуу кабыл алынгыс жана мындай көрүнүш токтотулуусу керектигин белгиледи. Германиянын тышкы иштер министрлиги Сирия бийликтеринин аракетин өз элине каршы согуш деп мүнөздөп, Евробиримдикти жаңы санкцияларды киргизүүгө чакырды. Биримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштондун маалымат катчысынын айтымында, сириялык жеке адамдарга жана компанияларга каршы жаңы санкциялардын кабыл алынуусу “айныксыз”.

XS
SM
MD
LG