Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:29

АӨБ Кыргызстанга 20 млн. доллар бериши мүмкүн


Бул тууралуу макулдашуу вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун Жапонияга жасаган иш сапары маалында жетишилди. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Бабанов Жапонияда Азия өнүктүрүү банкынын президенти Харухико Куродо менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу, аталган банк каржылаган долбоорлорду ишке ашыруу жана банктын Кыргызстан бюджетине көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз болду.

Өз кезегинде Куродо Кыргызстанга 20 миллион доллар жардам бөлүү тапшырмасын тиешелүү адамдарга берерин убада кылды. Бабановдун айтымында, бөлүнчү каражат Кыргызстанда инвестиция үчүн шарт түзүү жана демократиялык өнүгүүлөр үчүн жумшалат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG