Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:40

Атайын операцияда каза болгон адамдын өлүмү иликтенет


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы 29-30-июль күндөрү Бишкек шаары жана Аламүдүн районунан ири өлчөмдөгү курал-жарак саткан топ кармалганын кабарлаган. УКМК мыйзамсыз курал саткан кылмыш топтун мүчөсү деп шектелген Ферузбек Физиев аттуу жеке ишкерди кармоо маалында куралчан каршылык көрсөтүп, үйдүн үстүнөн секирип түшкөн учурда алган жаракаттан ооруканада көз жумганы айтылган.

Башкы прокуратура Физиевдин өлүмүн иликтөөгө аларын аталган органдын маалымат катчысы Талант Конокбаев "Азаттыкка" тастыктады. Маалыматка ылайык, 1-августта маркумдун бир тууганы жана адвокаты Икрамидин Айткулов Башкы прокуратурага кайрылып, Физиевдин өлүмүнө байланыштуу комиссиялык экспертиза жүргүзүп берүүнү өтүнүшкөн. Бүгүн маркумдун жактоочусу бул окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоо боюнча арызын тапшырды. Учурда комиссиялык экспертиза өз ишин жыйынтыктай элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG