Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:30

БШК төрагасы парламентке кайрылды


БШК төрагасы интернет маалымат агенттиктери боюнча түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен парламентке кайрылды. Мындай мазмундагы кат менен Боршайкомдун төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековго кайрылды. Кат ээси жарандардын маалымат алуу укугу чектелбеси үчүн “Массалык маалымат каражаттары тууралуу” мыйзамдын 1-беренесин чечмелеп, интернеттеги маалымат агенттиктери массалык маалымат каражаттарына киреби деген суроого жооп берүүсүн төрагадан өтүнгөн.

30-октябрга белгиленген президенттик шайлоо өнөктүгүндө үгүт иштерин чагылдыруу үчүн 143 массалык маалымат каражаты катталган. Анын ичинде 103 басылма, 40 радио-телекөрсөтүүчү маалымат каражаттары бар. Ал эми шайлоодо үгүт иштерин жүргүзүүгө каттоону өтүнүп кайрылган 11 интернет маалымат агенттигине уруксат берилген эмес.

Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү 25-сентябрда башталат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG