Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

Бишкекте Хиросима жана Нагасаки каргашасы эскерилет


Мындан 66 жыл мурда болгон каргашалуу окуяны эскерүү Кыргызстандагы жапон борбору тарабынан уюштурулууда. 6-августта өтө турган “Тынчтык күнү” деп аталган иш-чаранын алкагында өзөктүк бомбанын курмандыктары эскерилип, катышуучуларга мультфильмдер жана даректүү тасмалар тартууланат. Мындан тышкары эскерүүгө келгендердин кагаздан жасаган турналары Жапонияга жиберилет.

1945-жылы 6-август күнү АКШ Жапониянын Хиросима шаарына өзөктүк бомба таштаган. Бул жерде дароо же бир ай ичинде көз жумгандардын саны 140 миңге жеткен.

Үч күндөн кийин, 1945-жылдын 9-августунда жергиликтүү убакыт боюнча күндүзгү саат 11ден 2 мүнөт өткөндө өзөктүк бомба Нагасаки шаарына ташталган. Андан шаарда 80 миңдей адамдын өмүрү кыйылган.

Жапониянын Нагасакиге бомба ташталгандан бир аптага жетпеген убакыт ичинде багынуусу Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташына алып келген. Жапон эли ошондон бери жыл сайын бул каргашалуу окуянын курмандыктарын Хиросимада коңгуроо кагып, асманга миңдеген көгүчкөндөрдү учуруу менен эскерип келишет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG