Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

Баткендин эки айылына Өзбекстандан суу берилбей жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облусунун губернаторунун орун басары Саитжан Эратов билдирди. Анын айтымында, 1-августтан тарта Өзбекстан “Дивайрам” өтмө бекетин жаап салган. Бул бекекттин жабылышы менен Баткендеги Апкан менен Бөжөй айылдарында каттам кыйындаган. Ошондой эле Өзбекстан тараптагы жашоочулар аталган эки айылга келе турган сууну буугандан кийин, 3-августта Апкан менен Бөжөйдүн тургундары жол тосушкан.

Эратов белгилегендей, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен жолдор ачылды. Бирок Өзбекстан тараптан суу келе элек:

“Азыркы күндө суу жабылган. Ал айылдарда күрүч эгилет. Бир-эки күндөн кийин кургап кетиши мүмкүн. Ошондуктан чек арачылар сүйлөшүүлөр менен чечиши керек”, - деди Эратов.

Маалыматка ылайык, Өзбекстан тараптагы жашоочулар сууну токтотуп, “Дивайрам” бекетин жабуу менен буга чейин кыргыз тарап жапкан Бүргөндү аймагындагы “Газпром” бекетин ачууну талап кылышууда. Кыргызстан “Газпром” бекетин 20-майда жапкан болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG