Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:37

Карабактын аба бекети курулуп бүтүп калды


Армениялык мартабалуу өкүлдүн билдиришинче, Азербайжандан бөлүнүп кеткен Тоолуу Карабактагы көзгө басаар бир аэропорттун курулушу сентбярдын этегине чейин бүткөрүлөт. Бирок 20 жылдан кийинки биринчи учак бул аба майдандан качан учаары азырынча белгисиз.

Ушул жылдын башында Карабактын расмий өкүлдөрү Степанакерт менен Еревандын ортосунда мезгилдүү аба каттамы май айында калыбына келтирилет дешкен. Бирок Азербайжан тараптан нааразылыкка байланыштуу ал пландар ишке ашкан эмес.

XS
SM
MD
LG