Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

8-августта айрым жерлерде өткүн өтүшү мүмкүн


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 8-августта Кыргызстандын аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде гана өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 29…34, Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28, Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 28…33 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -3…+2 градус, күндүз 9…14 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 31…33 градус болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG