Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:16

Йемендин президенти ооруканадан чыкты


Саударапстандык расмий өкүлгө шилтеме берип, агенттиктердин кабарлашынча, Йемендин президенти Али Абдулла Салех ал-Риаддын ооруканасынан чыгарылды. Мындан эки ай мурда Йемендеги демонстранттарды таратуу операциясында президенттик ак сарайды ракетадан аткылоодо оор жараат алган президент убактылуу жайда дарыгерлердин көзөмөлүндө болоору кабарланууда.

Салих кеткенден кийин Йеменди вице-президент Абд-Рабух Мансур Хади башкарууда, бирок ага бийлик ыйгарымы расмий өткөрүлгөн эмес. Оппозиция анын аралыгында Салехтин кайтышына жол бербөө үчүн убактылуу өкмөт түзүүнү талап кылууда.

XS
SM
MD
LG