Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

АКШ Тимошенконун камакка алынышын кайра кароого чакырды


Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Марк Тоннердин билдиргенине караганда, Юлия Тимошенконун камакка алынуусу өлкөдө мыйзам үстөмдүгүнөн өкүм сүрөрүнөн күмөн санатып, саясий жүйөдөгү куугунтукка салым кошууда. Мындай билдирүү сот кечээ Тимошенкону камактан бошотуудан баш тарткандан кийин жасалды.

Тимошенко 5-августта "сотту сыйлабаган, судья менен кызматташпаган" деген жүйө менен камакка алынган. Тимошенко мурдараак анын ишин карап жаткан судьяны президент Януковичтин “куурчагы” деп атаган. Мурдагы премьер-министр сотто 2009-жылы Орусия менен газ келишимин түзүүдө кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке каккан. (UE)

XS
SM
MD
LG