Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:57

Үч өлкөнүн чабармандары Сирия бийлиги менен сүйлөшөт


Бразилия, Индия, Түштүк Африканын чабармандары Дамасктагы бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө Сириянын режимине өкмөткө каршы чыккан демонстранттардын канын төгүүнү токтотуусу үчүн кысым көрсөтөрү күтүлүүдө.

Кечээ Сирияда коңшу Түркиянын тышкы иштер министри болгон. Президент Башар Ассад менен эки саат сүйлөшүү өткөргөн Ахмед Давутоглынын кабарчыларга айтканына караганда, Түркия жарандардын өмүрүн кыйган кол салууларды токтотууну талап кылууда.

Сириянын расмий Сана жаңылыктар агенттиги билдиргендей, Ассад түрк министрине ал өзү “террордук топтор” деп атагандарга куугунтук токтобой турганын маалымдаган.

Укук коргоочулардын айтымында, март айында элдик толкундоолор башталгандан бери Сирияда бери дегенде 1700дөй адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG