Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Президент болом дегендердин саны 48ге жетти


Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүн президенттик шайлоого катышууну ниетин Бишкектеги Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Мадияр Кулуев, “Шатен” курулуш фирмасынын директору Жумабек Токтогазиев, убактылуу иштебеген Полотбек Кенжекулов, “Толубай” банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сейтек Байгуттиев, кыргыз-түрк “Манас” университетинин кафедра башчысы, экономист Жусупжан Пиримбаев билдирди.

Натыйжада президент болом дегендердин саны 48ге жетти. Алардын 39у өзүн-өзү көрсөтүштү. Тогузун саясий партиялар сунушташты.

30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү 15-август күнү кечинде жыйынтыкталат. (KKs)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG