Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Таласта кара куурай жок кылынды


Талас облусунун райондорунда маңзаттын катарына кирген кара куурайдын 356 сабагы жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кара куурайдын 193 сабагы Чоң-Кара-Буура айылынын 19 жаштагы тургунунан, 193 сабак 43 жаштагы тургундан алынып, жок кылынды. Ал эми Кара-Буура районунун Адыр айылында 42 сабак кара куурай табылды. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголду.

Буга чейин Ысык-Көлдүн бир катар аймактарындагы кара куурай аянттары жок кылынган. (KKs)

XS
SM
MD
LG