Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

АКШ Беларуска каршы жаңы санкцияларды киргизди


Беларустун мамлекет карамагындагы төрт ишканасына каршы санкция өлкөдө оппозициячыл саясатчыларды, жарандык активисттерди, журналисттерди куугунтуктоо уланып жатканына байланыштуу киргизилди. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Виктория Нуланд жаңы санкциялардын маңызы тууралуу мындай дейт:

- Бул чаралар Беларуста 19-декабрдагы президенттик шайлоодон кийинки репрессиялар үчүн жоопкерлерди бутага алат. Алар беларус элине зыян келтирүү үчүн багытталган эмес. Биз Беларус өкмөтүн саясий айыпкерлердин баарын тез жана эч шартсыз бошотууга кайрадан чакырабыз.

Беларустун АКШнын жаңы санкцияларына кабылган ири ишканалары арасында мунай иштетүүчү "Нафтан" заводу да бар.

Бул аралыкта кечээ президент Александр Лукашенко президенттик шайлоодон кийинки башаламандыктарга катышты деген айып менен соттолгон 41 адамдын тогузуна кечирим бергени маалым болду.

XS
SM
MD
LG