Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:12

Кыргыз мушкерлери Кореядан байгелүү кайтышты


Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпионатында 49 кило салмактагы Асылбек Назаралиев менен 60 килограмм салмактагы Анарбай Абдилай уулу коло медал утуп алышты. Бул тууралуу бокс боюнча Азия конфедерациясы билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, 11-августта өткөн мелдеште Асылбек Назаралиев индиялык атаандашына, Анарбай Абдилай уулу казак боксчуга утулуп үчүнчү орунга татыган.

Бокс боюнча Азия биринчилигинде Кыргызстан жети жылдан бери коло медалга жете элек болчу.

Кореядагы мелдешке 22 өлкөдөн 155 боксчу катышууда. Ага Кыргызстандан 7 спортчу жөнөп кеткен. (KKs)

XS
SM
MD
LG