Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

“Газпром” бензинге кайрадан чектөө киргизди


“Газпром Нефть Азия” ишканасы бензиндин “Премиум Евро-95” (Аи-95) үлгүсүнө 20 литрдик чектөө киргизди. Бул тууралуу “Азаттыкка” ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты. Мындай чектөөгө Орусиядан келе турган бензиндин кечигип жатканы себеп болууда. Чектөө качан алынаары азырынча белгисиз.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча мындай чектөө “Газпром” май бекеттеринде гана киргизилди.

Июль айынын башында Орусиянын Омск мунай иштетүүчү ишканасы май берүүнү токтоткондо, Кыргызстанда тартыштык пайда болуп, бензиндин жогорку сапаттагы үлгүлөрүнө чектөө киргизилген. Көп өтпөй Орусиянын башка шаарларынан бензин келип, бул чектөөлөр алынган эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG