Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Социал-демократтар талапкерин тандоодо


Бишкекте Кыргызстандын социал-демократтар партиясы президенттик шайлоого партиянын атынан катыша турган талапкерди тандоо үчүн курултай өткөрүүдө. “Азаттыктын” кабарчысы кабарлагандай, ага жер-жерлерден келген партиянын 200дөй делегаты катышууда. Учурда партия лидери, премьер-министр Алмазбек Атамбаев баяндама жасап жатат.

Буга чейин Атамбаев шайлоого катышып, катышпай турганы партиянын курултайында белгилүү болоорун билдирген.

Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү 15-августта кеч менен жыйынтыкталат. Акыркы маалыматтарга ылайык, президент болууну эңсегендердин саны 57ге жетти. (KKs)

XS
SM
MD
LG