Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

Сабалган казак туристи каза тапты


Ысык-Көлдүн жээгинде ур-токмокко кабылып, эс-учуна келе албай жаткан казак жараны Ерлан Балмахаев бүгүн эртең менен Бишкектеги Улуттук госпиталда көз жумду. Бул маалыматты “Азаттыкка” госпиталдын Нейрохирургия бөлүмүнөн тастыкташты. Балмахаевди кечээ Чолпон-Ата шаардык ооруканасынан Бишкекке которушкан.

Казакстандан Ысык-Көлгө эс алууга келген Ерлан Балмахаев 7-августка караган түнү белгисиз жаштар тарабынан көл жээгинде тонолуп, сабалган. Анын баш мээси чайкалганы айтылып, башына операция жасалган. Бирок турист эсине келген эмес. Президент Роза Отунбаева казак жаранын сабагандарды табууга чакырып, анын иликтенишин ички иштер министри Зарылбек Рысалиев өз көмөлдөөрү кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG