Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Судьялар боюнча дооматтарды ЖК комитеттери карай баштады


Жогорку Кеңеш кезексиз сессиясында 40 мүнөттүк танапис жарыяланып, Сотторду тандоо кеңешинин дарегине айтылаган сын, дооматтарды карап, чечим чыгаруу иши парламенттин тийиштүү комитеттерине тапшырылды. Комитеттердин корутундусу менен бүгүнкү кезексиз жыйынды улантып улантпоо маселеси чечилет. Буга чейин бир катар депутаттар президент үч гана судьянын талапкерлиги көрсөткөндүктөн Жогорку Сот менен Конституциялык палатанын судьяларын шайлоону кийинкиге калтырууну сунуштап чыгышкан.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Сотторду тандоо кеңеши тандап чыккан Жогорку Сотко 29 жана Конституциялык палатага 11 судьянын талапкерлиги каралышы керек эле. Ага чейин президент бул талапкерлердин ишмердүүлүгү менен таанышып, кызматка ылайыктууларын парламентке сунушташы абзел болчу. (KKs)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG