Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

АКШ жана Европа Сирия президентин кызматтан чегинүүгө чакырды


АКШ менен катар Европанын ири үч өлкөсү БУУнун Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйыны алдында Сириянын президенти Башар Ассады кызматтан чегинүүгө чакырышты.

АКШ президенти Барак Обама өз чакырыгын жазуу жүзүндөгү билдирүүсү аркылуу жасап, мунун артынан дароо эле сыналгы аркылуу мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон сүйлөдү. Кошмо Штаттар Ассадын режимине каршы жаңы катаал санкциялар киргизилгенин жарыялады. Ага ылайык, Сириянын өкмөттүк активдеринин баары тоңдурулат, өлкөгө инвестиция жасоого жана товар экспорттоого тыюу салынат.

АКШдан соң Ассадды кызматтан чегинүүгө британ премьер-министри Дэвид Кэмерон, немис канцлери Ангела Меркел, француз президенти Николя Саркози да үндөштү.

АКШ менен Европанын бир учурдагы аракети БУУнун Коопсуздук кеңеши бүгүн Сириядагы кырдаал боюнча жыйынга чогулуп жаткан учурга туш келди.

Жыйынды утурлай БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку мекемеси бүгүн Женевада өз баяндамасын жарыялаган. Анда Сириядагы режим демонстранттарды күч менен басууну көздөгөн аскерий операциялар учурунда адамдарды өлтүрүү, камактагыларды кыйноо, балдарды бутага алуу аркылуу адамзатка каршы кылмыш жасоосу мүмкүндүгү айтылат. Ал баяндама Коопсуздук кеңешин Сириядагы кыянатчылыктарды иликтөөнү Эл аралык кылмыш сотуна тапшырууну сунуш кылган. Ушул маселе Кеңештин бүгүнкү жабык жыйынында талкууланчудай.

Бириккен Улуттар уюмунун билдиргенине караганда, Сирия президенти Башар Ассад баш катчы Пан Ги Мун менен соңку телефон сүйлөшүүсүндө “аскерий жана полиция операциялары токтогондугун” айткан.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши бүгүн Сириянын демонстранттарды күч менен басуусун келерки дүйшөмбүдөгү жыйынында кароону чечти. Жыйынды өткөрүүнү Кеңештин 24 мүчөсү, анын ичинде төрт араб өлкөсү Иордания, Кувейт, Сауд Аравия, Катар өтүнгөн.

Бул аралыкта бүгүн Швейцария Сириядагы элчисин чакыртып алды.

Адам укугун коргоочулардын жана БУУдагы дипломаттардын эсебинде, Сирияда элдик толкундоо жүрүп жаткан соңку беш айдан ашуун убакыттан бери 2000дей кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG