Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Хакасияда июнь коогасына шектүү адам кармалды


Хакасиянын борбору Абаканда Кыргызстандагы июнь окуяларына шектүү делген Сухбатилло Ишматов кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Хакасия боюнча Федералдык миграциялык башкармалыгынын расмий интернет сайты билдирүүдө. Маалыматка ылайык, Ишматов Ош, Жалал-Абаддагы былтыркы коога боюнча “массалык башаламандыктарга катышкан”, “киши өлтүргөн” деген шек менен 19-июндан бери федералдык издөөдө жүргөн. Анын Кыргызстандын жараны болсо да паспортту оңдоо жолу менен былтыр ноябрь айында Хакасиянын аймагына келгени, 2011-жылы 25-февралда Орусиянын жарандыгын алганы тастыкталды.

Орус паспортун алууда Ишматов кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганын билдирген.

Орусиянын айрым маалымат каражаттары Хакасияда кармалган кыргызстандык июнь коогасы учурунда “кош бойлуу аялды өлтүрдү” деп шектелип жатканын жазып жатышат.

Учурда анын орус жарандыгын токтотуу боюнча материалдар сотко жиберилүү алдында. Алдыңкы күндөрү аны Кыргызстанга өткөрүү маселеси чечилмекчи.

Шектүү адам Хакасияда кармалганын Кыргызстандын Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгын жетекчи орун басары Абдраим Жумашаев да “Азаттыкка” тастыктап, ал адам экстрадициялана электигин ачыктады.

Буга чейин башкы прокурор Аида Салянова “Азаттыкка” курган маегинде июнь окуялары боюнча күнөөлүү адамдардын көпчүлүгү коңшу өлкөлөргө из жашырып кеткенин, мындан улам коогага байланыштуу ондонгон кылмыш иштери ачылбай жатканын билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG