Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:10

Алтын рудаларын сыртка ташууга тыюу салынат


Экономикалык тескөө министрлиги 2012-жылдан тарта Кыргызстанда казылган алтын рудаларын чет өлкөгө чыгарууга тыюу салууну көздөөдө. Министрликтин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, мындай кадам алтын рудаларын жергиликтүү ишканаларда кайра иштетип, кыргызстандык ишкерлердин пайда табышын камсыз кылуу болуп саналат.

Маалыматка ылайык, азыр Кыргызстанда 100дөн ашык компания алтын кенин чалгындоо жана казуу иштери менен алек болушат. Алардын айрымдары казылган рудаларды дароо эле коңшу өлкөлөргө алып кетип, ал жерде иштетип жатышат.

Мындан улам Экономикалык тескөө министрлиги Жаратылыш ресурстары министрлиги менен бирге тиешелүү документтерди даярдап, чара көрүүнүн үстүндө иштеп жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG