Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

Орус жаранын сабады делгендер камакта


9-августта Базар-Коргондо Орусия жараны Усманжан Холмирзаевдин сабалып, набыт болушу боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирүүдө. Аларга “ден-соолукка атайылап залака келтирүү”, “кызматтык укуктардан аша чабуу”, “акча өндүрүү” беренелери боюнча күнөө коюлууда. Камакка алынган кызматкерлер өз пикирлерин билдирише элек.

Буга чейин Холмирзаевдин өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыгып, ага ылайык Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү менен Жалал-Абад облустук кылмыш иликтөө бөлүмүнүн 7 кызматкерин иштен алуу сунушталган.

7-августта Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Усманжан Холмирзаевди июнь коогалаңы боюнча суракка алып келишкен. Сурактан Холмирзаев үйүнө кечки сегиздер чамасында келип, милиция кызматкерлери аны ур-токмокко алганын айткан. Эртеси күнү ал ооруканага жеткирилип, 9-августта каза тапкан. Соттук медициналык-экспертизанын жыйынтыгында каза болгон адамдын көкүрөк тушундагы сөөктөр сынганын, денесине оор залакат келгени аныкталган. (KKs)

XS
SM
MD
LG