Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Түштүктүк ишкерлер банктарга нааразы


Июнь коогалаңында жабыркаган ишкерлер насыя алган акчаларын убагында кайтарып бере албаганы үчүн күрөөгө коюлган үйлөрүнөн ажырап калышууда. Бул тууралуу Ош жана Жалал-Абат шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциядан «Азаттыкка» кабарлашты. Аталган дирекция бул маселени чечүү колунан келбей жатканын белгилеп, кырдаалдан чыгуу жолдорун карап көрүү сунушу менен кыргыз өкмөтүнө кайрылган.

2010-жылкы июнь коогалаңында Ош, Жалал-Абат облустарында 2102 ишкер жабыркаган. Алар июнь коогасы боюнча абалды эске алып, насыя акчалардын туумун жана үстөк пайыздарын алууну токтото турууну банктардан талап кылып келе жатышканы белгилүү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG