Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Сирияда президент көзөмөлдү колго алганын билдирди


Башар ал-Ассад
Башар ал-Ассад
Президент Башар ал-Ассад жекшембидеги телекайрылуусунда өкмөттүк коопсуздук күчтөр беш айдан берки элдик толкундоолорду көзөмөлгө алып жатканын айтты. Чет-мамлекеттер Ассаддын өзүн бийликтен кетүүгө чакырып жатышканын ал “болбогон кеп” деп атады.

Президент өлкөдө саясий реформаларды жасай турганын дагы бир жолу кайталап, аны пландоого кеминде жарым жыл кетээрин, парламентке шайлоо келерки жылдын февралында өтүшү мүмкүн экенин кошумчалады.

Ал арада өлкөдөгү гуманитардык абалга баа бериш үчүн Дамаскка Бириккен улуттар уюмунун укук коргоочулары барышты. Буга чейин адам укугун коргоочу активисттер соңку беш айдан бери өлкөдө оппозициянын демонстрацияларын күч менен басуу учурунда жок эле дегенде эки миңдей адам өлгөнүн айтышкан.

XS
SM
MD
LG