Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

НАТОнун Ливиядагы операциялары азырынча токтотулбайт


Ливиядагы козголоңчуларды башынан эле колдоп келаткандардын бири, Франциянын президенти Николя Саркози НАТОнун Ливиядагы аскерий чабуулдары азырынча токтобой тургандына ишендирди.

"Аскерий операцияны өткөрүүгө зарылчылык болбой калганда гана алар токтотулат, - деди Саркози Ливиядагы Өткөөл кеңештин жетекчиси Махмуд Жибрил менен жолугушууда. - Каддафи менен анын колдоочулары Ливия элине коркунуч туудурбай калганда мындай операцияларды өткөрүүнүн кереги болбой калат. Биз ливиялыктарды Каддафинин режиминен сакташ үчүн Бириккен улуттар уюмунун резолюциясынын мандаты астында операцияларды уланта беребиз".

Борбор калаа Триполиде президенттик резиденциянын айланасында атышуулар угулуп жатканы туралуу бүгүн эрте менен да кабарланган.

XS
SM
MD
LG