Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Сотторду тандоо кеңешине жаңы төрага шайланды


Кеңеш бүгүн төрагалык кызматка шайлоо өткөрүп, жашыруун добуш берүүгө катышкан 22 адамдын 13чү Шамарал Майчиевдин талапкерлигин колдоду. Бул маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматы тастыктайт. Төрагалыкка эки адам Шамарал Майчиев жана Зарылбек Борбашевдин талапкерликтери коюлган.

Майчиев улуттук юридикалык корпорациянын баш директору, Кыргызстан юристтер ассоциациясынын төрагасы, Коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, ММКга карата доо арыздарды карай турган комиссия төрагасы катары таанымал.

Кеңештин мурунку төрагасы Замирбек Базарбеков 16-августта арызын жазып, расмий түрдө кызматтан кеткен.

Ага чейин бир катар депутаттар Жогорку Сот менен Конституциялык палатанын судьяларын тандоодо алешемдиктер кеткенин, мындан улам аларды тандаган Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Базарбековдун кызматтан кетиши керектигин билдиришкен. (EK)

XS
SM
MD
LG