Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

Бишкекте жол коопсуздугу боюнча автожүрүш өттү


Бүгүн баш калаада Мамлекеттик автоинспекция кызматкерлери тарабынан унаа көп жүргөн жолдордо ретро үлгүсүндөгү машинелер менен жүрүш уюштурулду. Акция маалында жайкы эс алуудан кайткан мектеп окуучуларына жолдо жүрүү эрежелери үйрөтүлүп, бардык айдоочуларга жол коопсуздугун так сактоо эскертилди.

Иш-чара Мамлекеттик жол коопсуздугу башкармалыгы тарабынан жаңы окуу жылынын ачылышына карай “Абайлагыла, балдар!» деп аталган бир айлык акция алкагында ишке ашты.

“Абайлагыла, балдар!» акциясы 20-сентябрга чейин созулат. Жыл башынан бери Кыргызстанда жол кырсыгынан 55 бала каза таап, 580 наристе жарадар болгон.( EK)

XS
SM
MD
LG