Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Бүгүнкү түнү Кадыр түн тосулат


Кыргызстандагы Мусулмандар дин башкармалыгынын маалыматы боюнча, 26-августтан 27-августка оогон түнү Кадыр түн болот. Бул күнү муфтияттын кызматкерлери, имамдар телекөрсөтүү аркылуу мусулмандарга Куран тууралуу, шариаттын шарттары жана талаптары сыяктуу маалымат беришет. Муфтий Чубак ажы Жалилов Ош шаарында, ал эми Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов Бишкекте ЭлТР каналы аркылуу көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп беришет.

Муфтияттын басма сөз кызматы Орозо айт күнү качан болору тууралуу муфтий Чубак ажы Жалилов 29-август күнү түнкү саат 23-00 дөн кийин айтарын кошумчалоодо. Мусулмандардын ыйык Орозо айы Кыргызстанда 1-август күнү башталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG