Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

Сотторду тазалоо кыймылы кайрылуу жолдоду


Кыргызстандын сотторун тазалоо кыймылынын өкүлдөрү бүгүн Сотторду тандоо кеңешин таркатуу боюнча элге кайрылуу жолдоду. Кыймылдын төрагасы Эркин Бөлөкбаев Жогорку Кеңеш Тандоо кеңешин түзүп жаткан учурда эле мыйзам бузууларга орун бергенин билдирди. Анын айтымында, Баш мыйзамда Сотторду тандоо кеңеши судьялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлөт деп жазылган.

“Кеңешти түзүүдө одоно мыйзам бузууларга жол берилди. Мыйзамга ылайык, Кеңешке талапкерлердин тизмеси маалымат каражаттарына жарыяланган эмес жана жарандык коом өз талапкерлерин көрсөтө алган жок”, - дейт Бөлөкбаев.

Кыймыл Жогорку Сотко кенеш көрсөткөн адамдарды бекитпөө талабын коюууда. Болбосо кыймыл 1-сентябрдан тарта президенттин жана парламенттин кетишин талап кылуу менен мөөөнөтсүз митингге чыгат. (EK)

XS
SM
MD
LG