Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:05

Нигерияда жардыруу болгон жерден сөөктөрү табылууда


Акыркы маалыматтарга караганда, Нигериянын баш калаасы Абуджа шаарында БУУнун өкүлчүлүгүнүн имартанын жаныдагы жардыруу болгон жайдан киши сөөктөрү табылууда. Азырынча канча киши экени белгисиз. Каза болгондор көп болушу мүкүн деген чочулоолор бар.

Жардыруунун эпкини БУУ өкүлчүлүгүнүн имаратынын бир канатын жабыркатты. БУУнун Женевадагы өкүлү Алессандра Велуччи уюмдун Нигериянын Лагос шаарындагы өкүлчүлүгүнө таянып, бомба жарылганын маалымдады. Каза болгондордун саны тууралуу азырынча маалыматы жок.

Күбөлөрдүн айтымында, жардыргыч затка шыкалган жүк ташыгыч автоунаа БУУ өкүлчүлүгүнүн имаратын сүзгөндөн жарылуу болгон. Азырынча бул жардырууну эч ким өз жоопкерчилигине алган жок. Нигерияда бир нече радикал исламчы уюмдар активдүү экени белгилүү.

XS
SM
MD
LG