Индиянын 74 жаштагы атуулу Анна Хазар өткөн шейшемби күнү паракорчулукка каршы мыйзам өтө эле жумшак деп мөөнөтсүз ачкачылык жарыялангандан кийин камакка алынган болчу. 19-августта түрмөдөн чыгаары менен Хазар кайрадан эки жумага белгиленген ачкачылыкты улантаарын айткан. Парламент коомдук активист Хазар сунуштаган мыйзам долбоорун кароо чечимин кабыл алгандан кийин ал ачкачылыкты токтоту. Хазар ачкачылыгын 5 жаштагы кыздын колу менен берилген жашылчанын суусу менен токтотуп, бул акциясы бүт дүйнөгө сабак болгонун айтты.