Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:47

Сириянын коопсуздук күчтөрү Растан шаарын камоого алды


Оппозиция активисттеринин билдиришинче, өкмөттүк күчтөр президент Башар ал-Ассаддын режимине каршы тынбай нааразылык акциялары өтүп жаткан ортолуктагы Растан калаасын курчоого алышты. Шаарда тынбай октун үнү жаңырганы, аскерлер кол салат деп кооптонгон тургундар калааны таштап кетип жатышканы кабарланууда. Маалыматтарга караганда, мартта Сирияда антиөкмөттүк козголуш башталгандан берки кагылыштарда 2 200дөн ашуун адам набыт болгон. АКШ жана Европа лидерлери ал-Ассаддын бийликтен кетүүсүн талап кылышкан. Сириянын бир кездеги жакын союздашы Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган болсо ал-Ассадын режимин да Тунис, Египет жана Ливиядагыдай тагдыр күткөнүн эскерткен.

XS
SM
MD
LG