Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:01

Депутаттар өкмөттүн жаңы түзүмүн талкуулайт


Жайкы эс алуудан кийин ишин баштаган депутаттар бүгүн өкмөттүн жаңы түзүмүн талкууга алышат. Жогорку Кеңештин спикери Ахматбек Келдибековдун бүгүнкү сессияны ачып жатып билдиргенине караганда, депутаттар алгач парламенттин регламентти бекитишет. Андан соң өкмөттүн жаңы түзүмү комитеттерде карала баштайт.

Буга чейин өкмөттүн тапшырмасы менен түзүлгөн Башкарууну оптималдаштыруу боюнча комиссия Кыргызстандагы өкмөттүн жаңы структурасын иштеп чыккан. 23-июнда премьер-министр Алмазбек Атамбаев өкмөттүн жаңы структурасы тууралуу токтомго кол койгон. Ага ылайык, 20 министрлик 17ге кыскарып, мындай реформалар менен 14,3 миллион сом үнөмдөлөрү белгилүү болгон.

Бул өзгөрүүлөр ишке ашуусу үчүн Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы түзүмүн жактырышы керек. (KKs)

XS
SM
MD
LG