Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:37

Коогада күйгөн мектептин жаңы имараты ишке кирди


Былтыркы июнь коогалаңында өрттөнүп кеткен Оштун Кара-Суу районундагы Шарк айыл округундагы Лев Толстой атындагы мектептин жаңы имараты бүгүн кайрадан окуучуларды кабыл алды. Бул тууралуу Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү дирекциясынын басма сөз кызматы билдирди. Жаңы курулган эки кабаттуу мектеп 420 окуучуга ылайыкташып, бул жылы 380 окуучуну кабыл алууда. Мектепти курулушу он айга созулуп, буга чейин айылдын окуучулары чатырда окуп келишкен. Мектепти курууга 36 миллион 600 миң сом сарпталды. (KKs)

XS
SM
MD
LG