Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Кытай ишкери Исландиядан жер сатып алгысы келет


Исландиянын ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, кытайлык Хуан Нубо ысымдуу инвестор туристтик курорт үчүн аянты чоң жерди сатып алууга уруксат суроодо. Исландиянын мыйзамдары жерди Европанын экономикалык мейкиндигине кирбеген өлкөлөрдүн жарандарына сатууга тыюу салат. Исланд ички иштер министри Огмундур Йонассондун “Франс Пресс” агенттигине билдиргенине караганда, атайын уруксатсыз жер сатуу алуу мйзамсыз деп эсептелгендиктен, кытайлык инвестордун өтүнүчү министрликте каралат. Хуан Нубо сатып алууну көздөгөн жер Исландиянын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан. Ал дүйнө байларынын америкалык “Forbs” журналы түзгөн тизмесинде 161-орунда турат.

XS
SM
MD
LG