Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:51

Күйүүчү май аткезчилиги боюнча 11 кылмыш иши козголду


Булардын ичинде Казакстандан аткезчилик жол менен апкелинген күйүүчү майды мыйзамдаштырууга көмөктөшүп жүргөн каржы полициясынын жана Бишкектеги Ленин райондук салык кызматынын кызматкерлери бар. Булар сырттан апкелинген күйүүчү май үчүн жасалма документ даярдашкан деп билдирди кечээ журналисттерге ИИМдин уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Калыбек Сатыбалдиев. Анын айтуусунда, аталган башкармалык тарабынан июнь айынан бери Тажикстанга Баткен аркылуу күйүүчү майды мыйзамсыз ташуу иликтенип жатат, бул боюнча 11 кылмыш иши козголуп, 10 киши кармалган. Ошондой эле 400 млн. сомдук 500 миң литрден ашуун күйүүчү май алынган.

Сатыбалдиевдин айтуусунда, Кыргызстанда күйүүчү май аткезчилиги менен 10 фирма алектенет, алар күйүүчү майды Казакстандан аз-аздан апкелип чогултуп, аягында ири цистерналарга жүктөп, Баткен аркылуу Тажикстанга өткөрүп жүрүшкөн. Күнүнө 800 тоннага жакын күйүүчү май Баткен аркылуу Тажикстанга сатылып жатканын кечээ парламент отурумунда “Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Камчыбек Ташиев билдирген эле.

Үстүбүздөгү жылы июнь-июль айларында күйүүчү май таңкыстыгы күчөп, түштүктө 1 литр күйүүчү май 40-50 сомго чейин чыккан. Бул көрүнүш айрым аймактарда бүгүн да сакталууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG