Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:00

Словениянын мурдакы премьер-министри соттолууда


Экс-премьер Янез Янша жана төрт чиновник финляндиялык аскерий компаниянын тендерде жеңип чыгуусун камсыздоо үчүн андан 2, 85 млн. доллар пара алган деп күнөөлөнүүдө. Финдердин өкмөттүк “Патрия” компаниясы 2006-жылы Словения өкмөтү аскерий техникаларды сатып алуу боюнча өткөргөн 396 млн. долларлык тендерде жеңип чыккан. Янез Янша өзү айыптоолорду “куру доомат” деп атап, бул саясый жүйөөдөн улам уюшулган иш деди. Янша оппозициядагы Словения демократтык партиясынын лидери. Ал 2008-жылга чейин өкмөттү жетектеген.

XS
SM
MD
LG