Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:56

Хоккей чемпионаты башталат


Кыргызстандык велоспортчу Евгений Ваккердин Италиядагы жарышта жолу болбоду.
Кыргызстандык велоспортчу Евгений Ваккердин Италиядагы жарышта жолу болбоду.

Эл аралык Ысык-Көл оюндары өтүүдө. Италиядагы эл аралык веложарышта Евгений Ваккердин жолу болбоду.14-сентябрда хоккей чемпионаты башталат.

Кытайлык кыздар алгачкы жеңүүчүлөр

Эл аралык Ысык-Көл оюндарына 7 өлкөдөн эки миңге чукул спортчу катышып, спортун 16 түрүнөн мөрөй талашууда.

Оюндардын салтанатуу ачылыш аземи 5-сентябрда Чолпон-Атадагы “Рух ордо” маданий борборунда өттү. Ачылыш аземинде Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков “Азия - кызматташтык жана тынчтыктын аймагы” урааны астында дагы көп өлкөлөрдү чакырып, калктын ден соолугу үчүн оюндун таасирин дагы арттыруу керектигин белгилеген.

- Өзгөчө бул Ысык-Көл спорт оюндарынын катышуучуларынын географиясы кеңейип жатканы кубандырат. КМШ жана Орусия аймактарынын алкагынан башталган бул оюндардын кеңейиши ШКУ өлкөлөрүн катышууга дагы тарта баштады. Биз башка эл аралык жана аймактык уюмдардын катышуусун дагы күтөбүз. “Азия – тынчтыктын жана кызматташтыктын аймагы” деген ураан өз маанисин ачат деп ойлойм,- деди Келдибеков.

Демилгени Борис Рогатин башында турган Спорт уюмдарынын эл аралык конфедерациясы да ар тараптан колдоп, көмөк көрсөтүп келүүдө.

Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын башкы катчысы Канатбек Арпачиевдин айтымында, спорттун айрым түрүнөн алгачкы жеңүүчүлөр аныкталды.

- Алгач Ысыккөл оюндары спорттун 7 түрү боюнча өткөрүлсө, быйыл спорттун 16 түрүнөн таймашууларга эки миңден ашуун спортчу катышууда. Быйыл алгач ирет бел кур күрөшүн дагы программага киргиздик. Оюндар эки топ менен өткөрүлүп, 35 жашка чейинкилер жана 35 жаштан өйдөкүлөр боюнча мелдештер өтүүдө. Жеңил атлетикадан 1000 жана 3000 метрге жарыштарда марага кытайлык спортчулар биринчи келишип, быйылкы жылдагы алгачкы чемпиондор болушту.

Биринчи оюндар «21-кылым - улут ден соолугунун кылымы» деген ураан менен башталса, беш жылдан бери оюндун урааны “Азия- кызматташтык жана тынчтыктын аймагы” деп аталып келет.

Ара жолдо калган Ваккер

5-сентябрдан баштап Италиянын Бергамо шаарында эл аралык веложарыш өтүүдө. Бул турнирге катышып жаткан Азиянын үч жолку чемпиону Евгений Ваккер 14 км. аралыктан кийин жарыштан чыгып калды. Анын себеби орто жолдон велосипединин арткы дөңгөлөгү жарылып, мелдештен четке чыгууга аргасыз болду. Адистердин баамында, Евгений Ваккер ошол учурда ылдамдыгы боюнча 2-орунда бараткан. Бул жарышта марага орусиялык Антон Ворбьев озуп келди. Күмүш байге италиялык Жанлуки Леонардга буюрду. Австралиялык Луки Дарбриджа үчүнчү орунду ээледи.

Эскерте кетсек былтыр 2010-жылы Евгений Ваккер ушул турнирде марага экинчи келип, күмүш байгелүү болгон.

Беш кайыктын жарышы

9-сентябрда Бостериде “Ысык-Көл –дүйнөлүк парус спортунун кучагында” аттуу кеме жарыштары башталат. Мында 5 жел кайык сыноодон өтөт.

Хоккейден Азиянын "Чакырык Кубогуна" жигиттер тандалат

Өлкөнүн шайба хоккейи боюнча быйылкы чемпионатына 8 команда катышат. Бул тууралуу хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов “Азаттыкка” айтып, мындай деди:

-Өлкөдө хоккейди өнүктүрүү максатында, аттандаштык болсун, чеберчилик жогоруласын деп Алматыдан да эки команданы чакырып жатабыз. Ала-Тоодон алты команда намыс талашат. Алар: былтыркы чемпион “Хан-Теңири”, “Арыстан”, “Нарын”, “Чаек”, “Ысык-Көл” жана “Жумгал” командалары болуп саналат. Мына ушул командалардан мыктыларды иргеп алып, 2012-жылы мартта Индияда өтө турган Азиянын "Чакырык Кубогуна" дардык көрөбүз.

Хоккейден өлкө чемпионаты 14-сентябрда Бишкектеги шаардык муз аянтында башталат. Спорт күйөрмандардын мелдешти көрүүгө кирүү акысы 50 сом дешет чемпионатты уюштуруучулар.

"Дордой" - кайрадан көч башында

Өлкөнүн футболдон Жогорку Лигасында көч башы болуп келаткан Бишкектин “Дордой” командасы лидерлик тизгинди кайрадан колго алды. Мурда күнү биринчиликти Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасына алдырып койгон. Былтыр дагы өлкө чемпиону болгон “Нефтчи” командасынын таскагы дурус. Эгемендик кубогунун жарым финалында “Дордой” клубун утуп, шайын оодарган. 3-сентябрда Бишкектин “Алга” командасынын 1:0 эсебинде жеңип алуу менен 29 упай топтоого үлгүрүп, “Нефтчи” көч башы болуп калган.

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун айтымында, 5-сентябрда өлкөнүн алты жолку чемпиону “Дордой” командасы Оштун”Алайы” клубун 2:0 эсебинде жеңип, кайрадан биринчи тепкичке көтөрүлдү.

-“Дордой” менен “Нефтчи” командалары бирдей 29 упайга ээ болгону менен “дордойчулар” топтордун айырмасы боюнча гана алдыга чыкты. Мындан ары дагы футболдон Жогорку Лиганын оюндары октябрь айынын аягына чейин улантыла берет.

Америкалыктар таң калган Таалайбек

АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн полицейлер жана өрт өчүрүүчүлөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндарында кыргызстандык Таалайбек Масабиров дзю-до күрөшүнөн финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болду. 56 аттандаштан Таалайбек 81 кг. салмакта татами үстүнө 5 ирет чыгып, төртөөндө жеңишке жетип, баш байгеге талапкер болгон.

Таалайбек Масабиров - 45 жаштагы спорт ардагери. Мурда самбо күрөшүнөн ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болгон.
XS
SM
MD
LG