Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

Түркия Израил менен соода, аскерий кызматташууну үздү


Түркия Израил менен соода жана аскердик кызматташууну биротоло токтотту. Бул жөнүндө жар салган премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган келерки аптанын башында Газа секторуна барарын дагы билдирди.
Эки өлкө арасындагы алака былтыр майда камоодогу Газага бараткан кемеге чабуулда өлгөн тогуз түрк жараны үчүн Израил кечирим суроодон баш тарткандан кийин курчуп кетти. Окуяны изилдеген БУУнун атайын комиссиясы Израил ашыкча күч колдонгон деп бүтүм чыгарган. Бирок Газаны камоону жөндүү деп тапкан.

XS
SM
MD
LG