Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:13

Күртстандын лидери АКШны аскер күчтөрүн Ирактан алып чыкпоого чакырды


Ирактын Күртстан автономдуу аймагынын президенти Массуд Барзани Эрбиль шаарында чет өлкөлөрдөгү Күрт диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда сүйлөп, аймакта атуулдук согуштун жанданып кетпөөсү үчүн Ирак аймагынан АКШынын куралдуу күчтөрүн алып чыкпоого чакыруу менен АКШ аскерлеринин Иракта туруу муктаждыгы бар экенин айтты.

2008-жылы кол коюлган Ирак-Америкалык коопсуздук пактысында АКШ Ирактан өз аскерлерин 2011-жылдын соңуна чейин алып чыгып кетүүсү каралган. Ушул жылдын август айында Ирак жетекчилиги 2011-жылдан кийин да АКШ аскерлерин аймакта калтыруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоого ниетин билдирген.

Америка аскерлери менен катуу согуш жүргүзгөн радикалдык шииттер эгер АКШ аскерлерин Ирактан алып чыгып кетпесе жаңы куралуу аракеттерди баштаарын айтып опузалаган.

XS
SM
MD
LG