Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

Тергөөдөгү Рыкуновдун өмүрүнө коркунуч жок экендиги айтылууда


План боюнча өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткандардын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок экендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти. Тергөөдөгү Владислав Рыкуновдун да өмүрүнө же ден соолугуна залака тийгизүүчү себеп жок деп айтылды.

6-сентябрда "Мегаком" компаниясынын иши боюнча кылмышка шектүү деп кармалган Рыкуновду башка камерага которуп, өлтүргөн жатышат деп анын жакын туугандары жар салышкан болчу. Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевге тиешеси бар делген "Мегаком" уюлдук байланыш компаниясынан былтыркы апрель окуясынан кийин ири суммадагы акча уурдалганы боюнча кылмыш иши козголуп, Рыкунов да камакка алынган.

XS
SM
MD
LG