Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:54

АКШ 11-сентябрдын 10 жылдыгын белгилеп жатат


2001-жылдагы террордук чабуулду эскерген АКШ президенти Барак Обама бул чабуулду уюштурду деп эсептелинген ал-Каида исламдык террор уюму «жеңилүүнүн жолунда» деп айтты. Ак үй жарыялаган видео тасмада президент буларды кошумчалады:

- Террочулар бизди, америкалыктарды, коркутабыз деп ойлошкон, бирок биз коркуп жашагыбыз келбейт. Ооба, алдыбызда чечкиндүү душман турат, жаңылыш ойлоп албаңыз, бул душман бизге кайра сокку уруунун аракетинде боло бермекчи. Бирок биз ушул апта соңунда даяр тураганыбызды кайра көрсөтүп жатабыз. Биз элибизди коргоо үчүн баарын жасап жатабыз. Окуялар кандай өнүксө да, биз чыдамкай эл катары алга кете беребиз.

Мындан туура он жыл мурдагы Нью-Йоркто, Вашингтондо жана Пенсилвания штатында орун алган чабуулдарда 3 миңге чукул кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG