Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

БУУ менен Сириянын козголоң курмандыктары боюнча маалыматы кайчы чыкты


Адам укуктары боюнча жогорку комиссар Нави Пиллайдын бүгүн Адам укуктары кеңешинде билдиргенине караганда, Сирияда март айынан бери өтүп жаткан нааразылык акцияларынан кеминде 2600дөй адамдын өмүрү кыйылды. Бул БУУнун соңку эсебинен 400гө көптүк кылат.

Нави Пиллай белгилегендей, жогорудагы маалымат "жеринен ишенимдүү булактардан алынды". Бирок президент Башар Ассаддын кеңешчиси Бутайда Шаабандын билдирүүсүнө караганда, тополоңдо өлгөндөр саны 1400, алардын 700дөйү полицейлер.

Бул аралыкта Орусия бүгүн Батыш өлкөлөрүнүн президент Башар Ассаддын режимине каршы чыккандарды күч менен басып жатканы үчүн Сирияга кысымды күчөтүү чакырыгын четке какты.

XS
SM
MD
LG